"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Көчмө кабылдама айыл аймактарда

9 Октябрь 2019 жыл 13:02
Көрүүлөрдүн саны: 70

Тогуз-Торо райондук  ички иштер бөлүмүнүн “Милициянын көчмө кабылдамасы” ишмердүүлүгүн биринчи Атай, Карл Маркс, айыл аймактарынан баштады

Бул туралуу Тогуз-Торо администрациясынын социалдык  коргоо боюнча жетектөөчү адиси  Марлис Олжотоев билдирди.

Көчмө кабылдамада райондук мамлекеттик администрация, райондук жалпы дарыгерлер борбору, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, райондун мамлекеттик каттоо башкармалыгынынадистери жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн ордунан барып иш алып барышты.

Ошондой эле 2019-жылдын 16-августундагы №20-26протокол тапшырмасынын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекованын катынын негизинде 12-сентябрда №181-буйругу чыккан.Буйруктун негизинде жумушчу топ түзүлүп, Көк-Ирим, Бирдик, Сары-Булуң айыл аймактарына барып, документи жок мектеп окуучуларынын жана жашоочуларынын көйгөйлөрүн чечүүгө жеринен жардам көрсөтүп келишти.

Даярдаган: Жазгүл Машаева