"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаныкеевдин жаркын элесине арналган футбол оюну

9 Октябрь 2019 жыл 13:24
Көрүүлөрдүн саны: 71

Спорт сүйүүчүлөрүн спортко жана сергек жашоого үндөө максатында Асан Абдраимов орто мектебинин кичи футбол аянтчасында Алтынбек Жаныкеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча 7-турнири болду.

Оюндун ачылыш аземин аталган мектептин  дене тарбия мугалими  Масиров, Отор Чопиев атындагы балдар спорт мектебинин директору Анарбек Атыкановдор ачып беришти.Маркумдун бир туугандары Доктурбек Жаныкеев сөз сүйлөп, оюнга 15мин сомдук демөөрчүлүк көрсөтүштү.

Оюнга жалпы 8 команда катышып, кызыктуу оюн көргөзүштү.Жыйынтыгында 1-орунду Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин кубок жана 6000 сомдук сыйлык менен сыйланышты.2-орунду А.Абдраимов атындагы орто мектеби 400сом, 3-орунду И.Иманбердиев атындагы орто мектеби 2000сом, 4-орундуу М.Абдыжапаров атындагы орто мектеби 1000сомдук сыйлыкка ээ болушту. Мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга мыкты дарбазачы Арсен Насиров 500сом жана мыкты чабуулчу Самат уулу Алмаз 500сом Ардак грамоталар менен сыйланышты.Алтынбек Жаныкеевдин бир туугандары райондогу спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн спорт мектебинин окуучуларына терең ыраазычылык билдирди.

                       Даярдаган:  Жазгүл Машаева