"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Седеп бала бакчасындагы «Эмгектенип мактан, ойноп күлүп шаттан» темасындагы өткөрүлгөн семинар

21 Октябрь 2019 жыл 19:40
Көрүүлөрдүн саны: 176

           Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында жайгашкан  «Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты баланын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирүү менен максатка жете билүү жана «Райондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына» карата райондогу башка  бала бакчалар менен тажрыйба алмашуу деп билдирди бала бакчанын жетекчиси Рахат Солтоева.


Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, Аида Борончиева, Таалайкүл Какаева Мээрим Шамырканова жана райондогу жайгашкан бала бакчалардагы тарбиячылары келип катышышты.
Бала бакчанын жалпы маалыматы слайд аркылуу чагылдырылды. Семинарда ар бир курактарга сабактар өтүлдү.

Алардын ичинде Салтанат Сүйүнбек кызы 2-кенже топко математика сабагын өттү. Сабактын жүрүшүндө  балдарга 1ден 10го чейинки сандарды саноону ар кандай жолдор менен үйрөтүп көрсөтүп берди. Ал эми орто топтун тарбиячысы Гүлнур Кожомбердиева «Машыксаң чымыр болосуң»-деген темадагы дене тарбия сабагын өткөн. Бала бакчанын музыка жетекчиси Гүлзарина Имаратбек кызы жалпы бала бакчадагы балдар менен биргеликте «Берекелүү күз» темасында чакан кече уюштурган.


Семинарга келген коноктор тарбиячылар өткөн сабактар  эң жогорку денгээлде жана методикалык ыкмалар жана көргөзмөлөр менен өткөрүлгөнүн баса белгилешкен.


Бала бакча 2011жылы ишке кирген. Азыркы учурда үч куракка бөлүнүп 60 бала тарбияланууда.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова