Элеттик айымдардын күнүнө карата Тогуз-Торо райондук маданият үйүндө айыл өкмөттөрдөн багбан, ишкер айымдар азык түлүк продукцияларын, курут, май колдон жасалган буюмдардын көргөзмөлөрүн коюшту.

Сары-Булуң айыл аймагынан Аяткан Шеримбекова катышып, бакчадагы жашылчалардан консервация жана кыямдын түрлөрү, жашылча жемиштердин көргөзмөсү боюнча көргөзмөгө катышты.

Мындан сырткары райондун акими Айбек Кожошов куттуктап, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, айылдын экономикалык-социалдык абалык көтөрүүгө салым кошкон, көптөгөн апаларга төш белги, грамоталарды тапшырды.



Жыйынтыгында Аяткан Шеримбекова Аялдар Конгрессинин “Ардак грамотасы” жана 2-даражадагы диплом, акчалай сыйлыкка ээ болду.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева