«Саймалуу-Таш» фольклордук ансамбли 2016-жылы түзүлүп, 2019-жылдын 8-октябрында Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияга 3 жылдык отчеттук концертин берди.
Топтун көркөм жетекчиси Тогуз-Торонун ардактуу айымы Созул Исмаилова. Концертке Тогуз-Тородон барган таланттуу ырчы, бийчи, комузчулар жана Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген ырчылары коштошту.
Концерттин алып баруучулары Тогуз-Тородон чыккан журналисттер: төкмө акын Чынгызхан Кожошов, Нурсултан Кыязбеков, Турсунай Жумадилова, Рина Баймуратова жана Алмаз Уларбеков,концерттин режиссеру Алтынбек Максүтов болсо жетекчиси Чынара Итигулова болду. Бул туралуу Турсунай Жумадилова билдирди.
Даярдаган: Альбина Бейшеналиева