"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл тургундары, кодексте өзгөртүлгөн беренелер туралуу маалымат алышты

22 Октябрь 2019 жыл 19:57
Көрүүлөрдүн саны: 71

Сары-Булуң айыл аймагынын имаратында Тогуз-Торо  районунун прокурорунун  улук жардамчысы Данияр Асанов эл менен жолугушуу өткөрдү.

Бул туралуу Тогуз-Торо  районунун прокурорунун  улук жардамчысы Данияр Асанов билдирди:

“1-январь 2019-жылында кабыл алынган кодекстер жаңы мыйзамдар боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Негизинен жаап жашыруу фактылары, азыркы жазык кодексине киргизилген.Эгер жаап жашыруу кызмат адамдары тарабынан жасалса 357-беренеде жасалган кылмыш же арызын жашырып койсо, жоопкерчиликке киргизилген. Милиция кызматкерлери же кызмат адамдары тарабынан элден арыздарын албай жашырып койгон болсо бизге кайрылса болот дейт.Биз мыйзам чегинде базага каттап, чара көрөбүз.Кодексте өзгөртүлгөн көп эле беренелерге өзгөртүүлөр киргизилген. Оор болгон жагдайлар да бар, жеңилдетилген беренелер да бар. Ошондуктан элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз-, деди прокурор Д.Асанов.

Жыйынтыгында жергиликтүү тургундар суроолорду берип, жооп ала алышты.

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева