"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Ак илбирс күнү» жумалыгына карата өткөрүлгөн конференция

28 Октябрь 2019 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 94

23-октябрь Эл аралык Ак илбирс күнүнө карата мектептер арасында конференция өткөрүлдү. Конференцияга райондун 5 мектебинен  3төн окуучу жана 2ден мугалим чакырылган


Конференциянын жүрүшүндө конференциянын уюштуруучусу Алтынай Жеңишованын билдирүүсүнө карасак, конференцияга келген 5 мектеп Борбор Азиядагы 5 мамлекеттеги Ак илбирсти сактоо, ал жактагы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат даярдап келишкен.

Конференция мыкты деңгээлде өткөнүн, келген окуучулар конференцияга активдүү катышкандыгы тууралуу билдирди А. Жеңишова.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова