"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Мамлекеттик тил» боюнча өткөрүлгөн фестиваль жыйынтыкталды

28 Октябрь 2019 жыл 20:48
Көрүүлөрдүн саны: 123

Тогуз-Торо районунда «Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата райондун ар бир мектебинде өткөрүлүп келген фестиваль Тогуз-Торо райондук Маданият үйүндө болуп өттү.


Жыйынтыктоо концертине ар бии мектептен мыкты деп табылган номерлер тандалып алынган. Концерттин жүрүшү мамлекеттик тилди даңазалаган ыр, бий, акыя айтышуу жана башка оюн-зоок менен коштолду.

Концертке Тогуз-Торо районундагы элдер келип күбөө болушту.

Жыйынтыгында катышуучулар грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова