"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мелмел компьютерге кызыгып келет

28 Октябрь 2019 жыл 11:39
Көрүүлөрдүн саны: 57

11-октябрь — Эл аралык кыздар күнү. Аталган майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат.

Айыл  жеринде  чоңойгон кыз келиндерге тартынуу, кимдир бирөө кагып коебу, айланадагылар кандай кабылдайт деген сезимдер калыптанып калган.Ошол тартынуу көнүмүшү, көпчүлүк максаттарга жетүүгө тосколдук жаратат.Калыптанып калган, салттуу түшүнүк дагы эле коомдо бар.

Гендердик эксперттердин айтуусуна караганда техникалык көндүмдөрдү талап кылган жумуштар эркектердики деп эсептелип калган. Негизинен, кыздарынын өздөрү дагы ошондой деп аракет кылбайт.Калыптанып калган ата-энеси, чөйрөсү айткан ойдон чыга албай келүүдө.Сүйгөн кесипке жетүү үчүн, тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга жакындарынын каршы чыкканына карабай, аракет кылсаң, жете аласың дейт Борбордук Азиа Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу Элира Турдубаева:«Балдар кесип тандаганда робот жасай албай турган нерсени үйрѳтүш керек. Азыр биздин кыргыз кыз Германияга барып магистратура кылып компьютердик инженериядан чоң робот жасаган компанияда иштеп, тамак жасоочу роботту ойлоп тапты».

Таштемир Сатыбалдиев атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектебинин  7-классынын окуучусу Бекжан кызы Мелмел кичине кезинен бери программист  кесипти эңсеп келет. Бүгүнкү күндө тынбай аракеттенүүнүн үстүндө.Жалпы республикалык тестирлөөдөн  жакшы бал алып, компьютердик технология жаатында билим алып, адис болом деген тилеги бар.

Программист болууга кызыгып келем.Мага компьютерди биринчи жолу чоң атам үйрөткөн.Бул кесипти тандаганымдын себеби азыркы күндүн эң негизги талабы телефон компьютер технология болуп саналат.Компьютериди тынымсыз иштөө менен ар кандай программаларды үйрөнүп жатам”

Мелмелдун чон атасы жана чон энеси, небересинин тилегин ишке ашырууда, болгон күчторун жумшап келишет. Кыздын программистке кызыгып калуусуна чоң атасынын салымы чоң. Себеби дайыма небересине колдо көрсөтүп, турат.Өзүндө компьютер болгондуктан, маалыматтар менен таныштырып турат.Бул туралуу чоң эне Аяткан Шеримбекова төмөнкүлөрдү билдирди: Өзүмдүн неберемдин кесип тандоосуна эч жолтоо бюолбойм.Себеби кызым мектепте абдан жакшы окуйт.Кызымдын кундон күнгө компьютерге кызыгуусу арбып, өзү ушуга абдан кызыгып жүрөт.Келечекте программист болсом деген тилеги бар.

Ал эми эмгек рыногунда жыл өткөн сайын көп кесиптер өзүнүн актуалдуугун жоготуп, маалымат технологиянын өнүгүшү менен жаңы кесиптер пайда болууда.Андыктан кыздар активдүү болуп, улам билимин кеңейтип, турушу керек. Отө тез өнуккөн жаңы техногияларды түшүнүп, замандан артта калбашы керек. IT адистердин маянасы жогору да болот.Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева оюн төмөндөгүчө айтты.

Бүгүнкү күндө техникалык каражаттардын өсүүсү, жогорку ылдамдыкта өсүп жатат.Замандын талабына ылайык кыздар программист болууга тийиш.Баардык тармакта интернет менен иштешет.Ошол себептен мектептен баштап, программаларды түзүп, андан сырткары видео роликтерди жасоо менен сайттарды ачып, кошумча каражат табууга болот.

 

Биз канчалык кыздардын өсүп-өнүгүүсү үчүн коопсуз коомду кура алсак, аларга керектүү билимди жана кесипти берип, ден соолугун коргой алсак, ошончолук мыкты келечек ээлерин жаратып, татыктуу энелерге камкордук көргөн болобуз. Кыздарыбыз кордук көрбөй, жаркын келечекке умтулушу үчүн биз баарыбыз жапатырмак кол кабыш кылууга тийишпиз.

Даярдаган: Анара Мааметова