"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Элеттеги ишкер айым

29 Октябрь 2019 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 119
      Ishker-ajym-syuzhet

Кара- Суу айылында Тамара Курманалиева 10 жылдан бери “Ийгилик кол өнөрчүлүк” коперативин жетектейт.Азыр курамында 12 аял бар.Бул жерде 2топ менен иштешет.Тигүүчүлүк курак боюнча анан кийиздер менен.Элет жериндеги аялдардын көпчүлүгү жумушсуз.Ушул жерге отуруп алып, кызга берилүүчү септердин курактардын баардыгын, шырдактардан өйдө даярдашат.

“Кайсыл убакта бизге буйрутма берсе, толугу менен кандай оокат болсо, ошонун баарын чечип берип жатабыз,- дейт Тамара Курманалиева: “Айыл жериндеги бош жаткан келиндерди жумуш менен камсыз кылыш үчүн, кол өнөрчүлүк кооперивин түздүк.Фестивалдарга Нарынга, Көлгө, Ошко, Бишкекке баардык фестивалдарга катышып, сыйлыктарга дипломдорго ыраазычылык каттарга жетишим жүрөм”

Кол өнөрчүлүк коопертиви, айылдагы айымдарды иш менен камсыз кылып жатат.Биринчиден үй-бүлөлүк бюджетин чечип атса, экинчиден элдин муктаждыктары чечилип жатат.Ачылгандан бери,Тамара эже менен талыкпай  эмгектенип келе жаткан Гүлнара Абдрасулова оюн төмөндөгүдөй билдирди: “2011-жылдан бери “Ийгилик” кооперативи ачылгандан бери иштейм.Курак курап, шырдак жасоо бала кезимен берки кыялым болчу.500 сом болобу 1000сом болобу үй-бүлөлүк бюджетиме киреше таап, ушул жерден эмгектенем.Тамара  эже сый урмат менен мамиле жасайт.Бизди ар дайым колдоп турат.Түшүнүү менен мамиле жасайт”

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиевдин айтымында  “Ийгилик кол өнөрчүлүк” коопертивин колдоо максатында, айылдык кеңештин чечими менен, айыл өкмөт тарабынан имарат берилген,-деп билдирди:

“Ийгилик” айымдар кооперативи өзүнүн иш аракетин жүргүзүп келет.Гендердик саясатты колдоо максатында бул иш жүргүзүп келүүдө.Областтык, республикалык, райондук кол өнөрчүлүк семинарларга айыл өкмөттүн атынан көрсөтмөлөрдү көргөзүп, жакшы орундарды көргөзүп келе жатышат”Гендердик эксперттердин айтуусунда, бизнести баштаардан мурда,ар бир аял өзүнүн үй-бүлөлүк  бюджетин толук түшүнүш керек. Бюджетке кирген кирешени,  жана чыгып аткан чыгымдарды, туура болүштүрүүнү, туура пландаштырууну аялдар үчүн өтө маанилүү.Билимсиздик, кесипке ээ болбогондук, финансылык сабатсыздык оркойуп көрүнүп турат,  деп кабатыр Кара-Суу районундагы Жоош айылдык кеңештин депутаты, гендердик эксперт Авазкан Ормонова:

“Айыл жеринде жашаган иштеген айымдарды ишкердүүлүгүн өнүктүрүү деген прорамма Кыргызстанда иштейт.Бирок, айыл жерлерине жетип барбайт.Ошон үчүн айыл жеринде жашаган аялдарга эң негизгиси финансылык сабатсыздыкты жоюу боюнча окутуулар өткөрүлүшү керек”

Аял бир эле учурда эне, тарбиячы, спортчу, бизнес айым. Демек үй-бүлөнун кутун сакташ үчүн, аял баардык сапаттарды өзүнө сиңирип жатат. Айыл жергесинде айымдардын ишкердүүлүк менен алектенип, ийгиликке жетишип жаткандыгы, айымдардын талыкпай эмгектенип жаткандыгы, айыл тургундарын эмгекке шыктандырат.

Даярдаган: Анара Мааметова