"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо маданият күнү белгиленди

7 Ноябрь 2019 жыл 21:09
Көрүүлөрдүн саны: 46

А.Сыдыков атындагы маданият үйүндө маданият кызматкерлеринин күнү белгиленип, Тогуз-Торо райондук администрациясынын өкүлдөрү,мекеме ишканалар, маданият кызматкерлери катышты.

Иш чарада маданият кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.

Мындан сырткары  маданият кызматкерлерин куттуктап, райондук администрациядан, маданият үйү тараптан куттуктоо сөздөр айтылып, сыйлыктар ыйгарылды.

Сары-Булуң айыл аймагынын маданият клубунун башчысы Бермет Султаналиевага райондук администрациясынын “Ардак грамотасы” жана райондук маданият үйүнүн диплому жана Сары-Булуң айылдык китепканачысы Анара Мааметова маданият үйүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Бул туралуу Сары-Булуң аймагынын маданият клубунун башчысы Бермет Султаналиева билдирди

Даярдаган: Альбина Бейшеналиева