"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагында зордук-зомбулуктун алуу боюнча иш пландар түзүлдү

19 Ноябрь 2019 жыл 20:22
Көрүүлөрдүн саны: 60

Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлери,аялдар кеңеши, депутаттар,активистер жана милиция кызматкерлери катышышты.

«Аялдарга, кыздарга  карата болгон зордук-зомбулук жана гендердик теӊсиздикке каршы аракеттебиз» деген теманын алкагында гендердик зомбулукка каршы күрѳшүүдѳ КР мыйзамдарын окуп үйрѳнүү,жергиликтүү кеӊештерде аялдарга берилүүчү 30% квотаны берүү жѳнүндѳгү мыйзамы туралуу маалымат берилди.

Тегерек столдун жүрүшүндө жаңы мыйзамдарды элдерге кеңири жайылтылып турса, тургундар маалымат менен камсыз болмок деп сунуштарын беришти. Жыйынтыгында катышуучулар топко бөлүнүп,жергиликтүү жамааттардын гендердик зомбулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен планын иштеп чыгышты.

Эскерте кетсек, тегерек столдор Кыргызстандын 7дубанында өткөрүлүп жатат.

Даярдаган: Анара Мааметова