"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Билимбай кесиби менен сыймыктанат

29 Ноябрь 2019 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 73

 

Өзү кесибинин устаты, чыныгы ээси болуп чыгуу учүн кесип тандоодон баштап, өнөргө үйрөнүү жана үзүрлүү талыкпаган  эмгек гана адамды ийгиликке жетелейт.

Тогуз-Торо районундагы Казарман айылынын тургуну Билимбай Тойгонбай уулу  бала чагынан бери кыялданып келген кесибинин ээси болуп,бүгүнкү  кундө  райондук маданият үйүндө ийрим жетекчи болуп иштейт.Өзү музыкага жакын болгондуктан, комузда кол ойнотуп, гитара чертет.

Ар бир эле эркек  лидер болуш керек. Ал эми лидер кишиде максат болуш керек. Менин негизги максатым, районго эле эмес,Кыргызстанга дүйнөгө маданиятты жайылтуу.Өзүбүздүн айылдан баштайын деп, айылга келип иштеп жаткан учурум.Менин ишиме менин өзүм тандоом бул.Тандоомо ата-энем да каршы эмес, сүйүнөт, кубанат. Азыркы учурда  бош убактымда тойлордо тамада, музыкант болуп иштеп жатам. Билимбай алдыга койгон пландары туурасында төмөнкүчө айтып өттү.»Майда пландарым бар.Райондук ораторлук курсун ачайын деп жаткам учурум.Айылдарды кыдырып, мотивациялык атайын сабакты өткөнү жатабыз.Райондун окуучуларын окутуп, үйрөтүп, жакшы бир деңгээлге чыгаруу облустук, республикалык кароо-сынактарга даярдоо»

Ар бир бала өзүнүн шыгы болгон жагына жөн коюш керек. Балдарымдын кесип тандоосуна чек койбойм.Ошондон улам, уулум Билимбай да өзүнүн тандаган кесиби боюнча музыка жагына кетти.Жумушту деле өзү таап, иштеп жатат дейт  апасы Айгүл Өмүрбекова:» Билимбайга айтканым ушул, ошончо келдиң, ушул жерге иштейм деп, келгенден кийин култураны көтөргөнгө аракет кыл.Жетекчилериңе айт, ушундай идея көтөрөйүн деп атам.Өзүңдүн оюңду айтып, култураны көтөр деген гана жакшы нерсени айтам»

Гендердик эксперттердин айтуусуна караганда  ар бир баланын кыялы болот, кыялына жетиш үчүн, балдар да кандай жөндөм бар, шык бар..Балада кандай талант бар.Кыялына жете алабы? Жеткенге  ата-эне кандай  мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп берсем ошол жөнүндө ойлонушубуз керек дейт Балдарды коргоо борборунун» социалдык кызматкери Айнура Эмирканова:

«Ылайыктуу кесип тандап алганы өзүнө да жагат.Ошол себептен элге да пайдасын алып келет.Үй-бүлөсүн багат.Сыймыктанат.Ата-энелер деле ошол кесипти аркалап кеткенден кийин, кыялына жеткенден кийин, балдарынын өзгөргөнүн көрүп, ата-энеси да кубанат»

Ар бир адам кесипти жаштайынан максат коюп, кыял мүдөөсүнө, шыгына, жөндөмүнө карап тандоосу кажет.Негизинен сүйгөн кесипке жетүү үчүн материалдык шарттар анчалык деле маанилүү эмес.Болгону багытты туура кое билсең, ал кесипке жан дилиң менен умтулсаң, ар кандай тоскоолдуктарга карабай жете аласың

Даярдаган: Анара Мааметова