"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

“Зордук-зомбулуктуу токтотуу 16күн”

11 Декабрь 2019 жыл 7:34
Көрүүлөрдүн саны: 55

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзордукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды.

 

Өкмөт үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагында тараткан маалыматта үй-бүлө зомбулугу өлкөдөгү чоң көйгөй болуп калганын белгиледи. Ички иштер органдары бир жылда зомбулукка байланыштуу 5185 учурга ордер берген.

Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилеп, мындан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет.

Аялдарды колдоо борборунун аткаруу директору  Бакен Досалиевага “Зордук зомбулуктун, азайбай жаткандыгынын себеби эмнеде” деген суроо менен кайрылып көрдүк: “Үй-бүлөдөгү экономикалык абалы.Анткени, акча жок болсо жетишпей турса уруш талаш сөзсүз болот.Андан кийин элдердин укуктук деңгээлинин төмөндүүлүгү.Үй-бүлөнүн баалуулугунун төмөндүгү.ошол үй-бүлө баалуулугу төмөндөп кетти”

Сары-Булуң айыл аймагындагы 28-ноябрь 2019-жыл №52 буйругу чыккан.Бул буйрукта 25-ноябрь 10-декабрга чейин “Зомбулуксуз 16кун” компаниясын өткөрүү максатында уюштурулуп жатат дейт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков: Айыл ичиндеги кээ бир турмуш шарты начар, оор кырдаалда жашагандардын үй-бүлөлөрүнө алдын ала жардам көрсөтүү ирээтинде айыл өкмөтүндө иш жүргүзүлүп жатат.Коомдук уюмдар, аялдар кеңеши, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте иш алып барабыз.

№7 Таштемир Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинде бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.Ата-энелерди чакырып, кылмыштуулук, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлүп, маалымат берилди. Мындан сырткары  окуучуларга дагы класстык сааттар өтүлдү.Аталган мектептин соц педагогу Самара Жумадил кызы “Зордук -зомбулукту кантип алдын алса болот” деген суроого оюн төмөндөгүчө айтты: Ошон үчүн ар бир нерсе үй-бүлөдөн башталат.Үй-бүлөнү биринчи түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүп, үй-бүлөнү жөнгө салыш керек.Анан үй-бүлөдөн кандай тарбия алган бала мектепке барып, тарбиясын көрсөтөт.Жакшы тарбия алган бала болсо мектепте түз жүрөт.

Зордук-зомбулуктуу алд ын алуу максатында айылдарга барып, жергиликтүү тургундарга түшүндүү иштерин жүргүзүп келебиз дейт Тогуз-Торо айыл аймагынын ички иштер аймактык тескөөчүсү Бакдөөлөт Кулчороев: “Үй-бүлөүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча биздин жетекчилик тарабынан участкалык инспекторлорго дегеле баардык кызматкерлерге атайын инструктаждарды өтөт да.Алдын алгыла,  алдын алуу иш чараны жүргүзгүлө, түшүндүүрүү иштерин жүргүзгүлө. Биз айылдардарды аралаганда элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айтабыз да”

 Элдин маалымдуулугу аз, айыл жерине “Эркектерди коргоо” борборун ачыш керек,  ошондо зордук-зомбулук азайышы  мүмкүн деп оюн билдирди Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Жоомарт Таанылбеков: “Эркектердин атынан борбор ачыш керек.Жалаң эркектерди окута турган. Юристер болбу, тажрыйбасы кенен кишилер болобу эркектерди окутуп туруш керек.Эркектерди окутуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп коюш керек.Ошондо алдын алуу, түшүндүрүү иштери болот деп ойлойм”

Андыктан, ар бирибиз кайдыгер карабастан, зордук-зомбулукту бирге токтотолу.

Даярдаган: Анара Мааметова