"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Аталар жана кыздар аялдар жана жаратылышка тең жана адилеттүү мамиле үчүн» ураанынын астында иш чара

17 Декабрь 2019 жыл 21:30
Көрүүлөрдүн саны: 68

Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук мамилелерин токтотуу боюнча 16 күндүк акцияга карата «Аталар жана кыздар»сынагы өткөрүлдү.

Сынака 4 ата кыздары менен келген 4 жуп катышты. Таанышуу, бири-биринди жакшы билесиңби бөлүктөрүндө ата менен кызынын бири биринин кулк мүнөзү, кызыгуусу, максаттары, ой-кыялдарын билери, үй-бүлөлүк мамиледеги мамилелердин жакындыгын, атанын кыздарына болгон тарбия жаатындагы ордун ачып көргөзүштү.

Ал эми салат жасоо бөлүгү аталардын үй-бүлөгө жасаган камкор мамилесин көрсөтсө, викториналык суроолор алардын гендердик теңчиликке жана жаратылышка болгон көз караштарын көрсөттү. Катышуучулар өз чыгармачылык дараметтерин, таланттарын да тартуулашты.

Сынак абдан кызыктуу өтүп жыйынтыкталды. Сынак катышуучуларына номинациялар ыйгарылып, баалуу белектер менен сыйланышты.

Сынак ГЭФ-ПРООНдун «Батыш Тянь-Шандагы биоартүрдүүлүктү сактоо» долбоорунун колдоосунда жана «Агенты перемен» коомдук уюмунун уюштуруусунда өткөрүлдү.

Бул туралуу Алтынай Жеңишова билдирди.

Даярдаган: Анара Мааметова