"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эрте турмушка берүүгө дин да, мыйзам да жол бербейт

18 Декабрь 2019 жыл 20:46
Көрүүлөрдүн саны: 41

Кыздардын билим алуусуна жана өсүшүнө терс таасирин тийгизген, алардын ар кандай зордук алдында алсыздыгын арттырган, өмүрүнө жана ден-соолугуна жана алардын балдарынын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жараткан жашы жете электе турмуш куруу көйгөйүнө коомдун көңүлүн бурдуруу.

Кылмыш жаза кодексинде жашы 18ге жете элек кыздарды турмушка берүү тыюу салынган.Кыргыз Республикасынын Уй-бүлөлүк кодексинин 14-беренесинде аялдарга жана эркектерге жашы 18ге толгондо гана никеге турганга руксат берилет.

Эрте күйөөгө берүү менен ата-эне балдарынын укугун бузуп жаткан болот. Аларды балалыктан ажыраткан болот дейт “Аялдарды колдоо борборунун аткаруу”директору Бакен Досалиева:

Гендердик эксперт Бакен Досалиева

«Үй-бүлөсү бузулуп, көбүнчөсү ажырашуу менен аяктайт.Анткени расмий түрдө загсыдан өтпөгөндөн кийин бул үй-бүлөдөн ажырашуу оңой экен дагы анан жанагы жигит ошо баласы үчүн дагы кыз үчүн дагы келечегине эч кандай жоопкерчилик тарпай атышат.»

   Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын берген маалыматына караганда Кыргыз Республикасындагы 2019-жылга карата жаңы кабыл алынган жазык кодексинин негизинде өзүнчө дагы бир бөлүк каралган. Жалпысынан ушул никеге туруу, эрте никеге туруу, нике эрежелерин, диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу деген ушул багытта 4берене каралган.2-бөлүгүндө 18жашка жете элек адамды иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу үчүн же болбосо эркине каршы үчүн урдоо: эрте никеге туруу ушул беренеге каралат

Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдинбек Жээнтаевге  кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору Нурдинбек Жээнтаев

«Мисалы кыз никеге турууга каршы бирок ошого карабастан 18жашка жете электи никеге турууга мажбурлай турган болсо айып пул салынат.Бул деген сөз 1жарым жылдан 2жарым жылга чейин жашы жетелектер, 2жарым жылдан 5жылга чейин башка чоңдор эркиндигинен ажыратылат. 220миңден 320миңге чейин айып каралган.»

 Медиктердин айтуусуна караганда биологиялык-психологиялык  жана социалдык жактан жетилбегендиктен улам өспүрүм кыздардын организми эне болууга дайын эмес.Ал эми алардын төрөгөн балдары да ден-соолугунун төмөн көрсөткүчү менен айырмаланат.Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун акушер гинеколог Роза Абилдаева кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:»Биздин райондо деле болгон.Эрте турмушка чыгып кетип, кайра кийин онкологический ооруга жолуккан да.Именно онкологический женский болгон.Мектер менен ата-энелер менен алдын адын ала айтабыз.Ар бир үйдө энеси баласына айтыш керек.Кызына айтыш керек. Мектептен деле айтыш керек.»

      Мектептеги балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш чара кабыл алып, ошонун негизинде иштейбиз.9-11-класстарга “Эрте турмуш куруунун кесепеттери” деген темада ачык тарбиялык сааттар өтүлдү дейт Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу   Нуркамал Шайнаева:

Асан Абдраимов атындагы орто мектебинин тарбия иштеринин уюштуруучусу   Нуркамал Шайнаева

«Мектептин аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Молдобаева “Кызыма алты насаат” деген темада доклад окуду.Ал докладда эрте турмуш куруунун себебин, алардан чыгып жаткан натыйжалар жөнүндө айтып берди.9-11-класстарга. Мектептеги кыздар уюму тарабынан тегерек стол даярдап жатабыз.»

Кыздарды эрте турмушка берүүгө дин да, мыйзам да жол бербейт.

Даярдаган: Анара Мааметова