"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аялдар менен эркектин тең укуктуулугу

22 Декабрь 2019 жыл 21:24
Көрүүлөрдүн саны: 74

Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу  үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Көбүнчө шайыр апаларды колдодук, 8-мартта, көп балалуу энелерди,энелер күнүнө карата белектерди бердик деп ошону менен чектелишет.Муну менен  мамлекеттик саясатта аткаруу болуп эсептелбейт деп билдирди “Аялдарды колдоо борборунун аткаруу”директору Бакен Досалиева:

Гендердин эксперт Бакен Досалиева

«Ишкердигин өнүктүрүү боюнча мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек. Мисал үчүн айыл чарбасы, техникаларын алганга, жерлерди иштеткенге же болбосо аз пайыз кредит алууга аялдар үчүн шарт түзүп берсе айыл өкмөтү. Аялдар менен эркектер бирдей учурда  өнүккөндө гана ошол коомчулукта өнүгүү болот.»

      Аялдар менен эркектин тең укуктуулугун сактоо боюнча Тогуз-Торо  айыл аймагында  көптөгөн иштер жүрүп жатат.Социалдык кызматкер, маданият кызматкерлери менен бирдикте иш чара түзүлүп, ишке ашты.Аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү ирээтинде мыйзамдар жөнүндө, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдарга укуктук жардам иштери боюнча ар кандай конференциялар уюштурулуп, газеталар чыгарылды. Мындан сырткары аялдардын жеке ишкерлик менен иштеп кетүүсүнө көмөкчү болуп, көптөгөн  окууларды уюштурдук дейт Тогуз-Торо айыл аймагынын жоопту катчысы Зууракан Акунова:

Тогуз-Торо айыл аймагынын жоопту катчысы Зууракан Акунова

«Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында аялдарды окутуп келүүдөбуз.Былтыркы жылы Дөдөмөл айылында сүт азыктарын иштетүүчү, Кош-Булак айылында кондитердик азыктарды иштетүүчү, Казарман айылында жер-жемиштерди кургатуучу окууларды уюштурдук.»

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ. Бирок, кыргыз коомчулугунда “Аялдын орду үйдө”, “Эркектин башы улук” же “Аял үйдө балдарды гана тарбиялаш керек” деген түшүнүктөр көбүрөөк сиңип калган. Бул тууралуу Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты Гүлжамал Шайнаева:

Жергиликтүү кеңештин депутаты Гүлжамал Шайнаева

«Кыргыздын менталитетинде эркек өйдөрөөк болуш керек деген позиция менен жашап, аялдын түйшүгү көбүрөөк болуп калат да.Ошол түйшүгүн тең бөлүшө албайт.Аялдар укуктарын билбейт азыр. Аркасынан түшүп сурабаса, азыр өзүнүн укугун билбей эле, укугун коргой албай келатышпайбы.»

Эгерде аялдар менен эркектер  жергиликтүү кеңешке тең келсе,  керектүү чечим чыгарышат эле. Аял депутаттар аз болуп, социалдык маселелер каралбай жатат деп кабатыр айыл тургуну  Паризат Найманова:

Паризат Найманова

«Аял жолдош депутаттар айылдын өнүгүшүнө, кошо турган салымын кошо алат эле. Көп маселелерди ортого койгондо эркек  жолдоштор көбүнчөсү жол маселелси, канал маселелеси, сырткы маселе менен кетип калып атышат.»

Үй-бүлө-коомдун негизи. Үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

Даярдаган: Анара Мааметова