"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Зордук-зомбулукту токтотуу 16күндүк акциясы жүргүзүлдү

25 Декабрь 2019 жыл 20:58
Көрүүлөрдүн саны: 131

Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук мамилелерин токтотуу боюнча 16 күндүк акцияга карата  Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинде айыл тургундарга элеттен чыккан аялдар жана кыздар тууралуу видео тасмалар көрсөтүлдү.

Зордук-зомбулуктун түрлөрү, элет жериндеги жумушсуздукту жоюу менен кантип, гендердик теңчиликке жетүү керек, Кыргызстандан чыккан кыздарыбыздын эмгектенген кыздар тууралуу   тасма көрсөтүлүп,талкууланды.

Мындан сырткары Сары-Булуң жамааттык мультимедиа борборунда  зомбулуктун түрлөрү, канткенде, зордук зомбулукка бөгөт коюп, азайтыш үчүн, кандай иш чараларды уюштуруп, ишке ашырсак болот суроолордун айланасында түз эфир өткөрүлүп, талкуу болду.

Эфирге айылдык кеңештин депутаты Жоомарт Таанылбеков, мектептин соц педагогу Самара Жумадил кызы, айылдын учаскалык инспектору Бакдөөлөт Күлчороев, айыл өкмөттүн жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков катышты.

Бул иш чара «Гендердик тенчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында жургузулуп жатат. Долбоор БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынды.

  Даярдаган: Анара Мааметова