"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кыргызстандагы мүлк ээлеринин басымдуу бөлүгү мырзаларбы?

19 Январь 2020 жыл 18:55
Көрүүлөрдүн саны: 56

Мамлекеттик декларация толтурганда мен өзүм толтурам. Эгерде жер алып калсам аны уулу балама каттатып берем.Ошол, мал-жаным менен үй-мүлкүм бүт менин каттоомдо турат.

Декларация деп эмиле чыкты го дейм.Ал жөнүндө терең деле түшүнүктө эмесмин.Бизде  үй жайдын ээси эркектер болгондуктан эркектер барып өтөт налогго барып, айымдарда бул жөнүндө түшүнүк деле жок, түшүно бербейт.

Жогоруда биз Тогуз-Торо районунун тургундары Мурат Бердалиев жана Гүлзарида Эркинбекованын декларация тууралуу пикирлерин уга алдык. Мурат Бердалиев үй ээси мен болгондон кийин мал мүлк өзүмө катталыш  керек деп оюн оюн билдирсе, Гүлзарида Эркинбекова  аялдар арасында декларация боюнча маалыматтын жетишпестигине токтолуп өттү. Негизинен, Кыргызстанда юридикалык жактарды албаганда,   аялдардын басымдуу бөлүгү декларация толтурбайт. Себеби, үй-бүлөлүк мүлк -эркектерге катталган.  Бул пикирди  Тогуз-Торо району боюнча мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы Чынара Мамырова да төмөндөгүчө толуктады.

Тогуз-Торо району боюнча салык кызматынын башкармалыгынын башчысы   Чынара Мамырова

“Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салыкка декларация кабыл алуу компаниясын өткөрүп жатат. Бирдиктүү декларация район боюнча жеке жак көбүнчө эркектер берет. Анткени менчигинде салык салынуучу кыймылдуу транспорт, кыймылсыз батир үй, жер участоктор үй ээси эркектерге катталган.”

Эмне үчүн Кыргызстанда үй-бүлөлүү келиндер декларация толтурбайт, эмне себеп деген суроого адистер мурдатан калыптанып калган стереотиптик мамиле эң биринчи себеп дешет.  Аялдардын сабатсыздыгы, мүлккө болгон укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн билишпейт деген ою менен гендердик эксперт, “Аялдарды колдоо борбору” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева бөлүштү:

Гендердик эксперт Бакен Досалиева 

“Эркектерге караганда мүлк үй-бүлөдөгү киреше боюнча аялдар жашырышпайт, декларацияга толук жазышат деген менде ишеним бар.Мүлк боюнча салыкты өз учурунда төлөп берүү жоопкерчилиги аялдарда жогорураак.

  Мамлекет тарабынан аялдар менен эркектин тең укуктуулугу боюнча мыйзамдар чыгып жатат.Ошону колдонуу боюнча коом арасында, маалыматтын жетишсиздиги да ачык көрүнүш.

Даярдаган: Анара Мааметова