"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Президенттик сыйлыкка татыган ардактуу мугалим

23 Январь 2020 жыл 11:10
Көрүүлөрдүн саны: 122

   Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өлкөдөгү билим берүүнү өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн  Тогуз-Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Апал Базаровага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылган.

Апал Базарова бул сыйлыкка жетүүсүнүн сыры эмнеде экендигин төмөндөгүчө айтып өттү:»Менин буга чейинки эмгек жолум 40 жыл. Анын ичинде мугалим болуп эмгектендим. Андан кийин тарбия зовуч жана 14 жыл окуу завуч, 10 жыл мектеп директору болуп иштедим. Бул сыйлыкка жетүүмдүн себеби, ар бир эле адам өз кесибин сүйсө, талыкпастан эмгектенсе мындай сыйлыкка жетишет деп ойлойм. Мугалимдиктен жогорку жакка чейинки көптөгөн баскычтарды басуу менин бул сыйлыкка жетишимдин негизги себептери.


Бул сыйлыкты алып жатканда менде башкача сезимдер пайда болду. Себеби биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы Роза Айтматова эжекебиз менен биргеликте сыйлык алганым, жана  ошол жерден президенттин колунан сыйлык алуу бул чоң сыймык экен. «Мугалим мөмөлүү дарак» деп айтылгандай, качан гана мугалимдин мөмөсү жетилгенде, ошол эмгектин акыбети кайтаарына толук ишендим.»-деп билдирди А.Базарова

Ошондой эле №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарбия зовучу жана кыргыз тилчи мугалими Нургүл Кайыпбекова, кесиптеши Апал Базарова тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Эженин мүнөзү токтоо, ар бир адам менен жакындан тил табыша алат, өзүнүн эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетише алды. Эженин жетекчи катары эң жакшы сапаттары бар. Көптөгөн мугалимдерге насаатчы катары да иш алып барып келет. Биздин мектепке директор болуп келгенден бери биздин мектепте көптөгөн жетишкендиктер болду. Биздин мектеп инновациялык мектептердин катарына кирген. Мында эженин кылган эмгеги зор.Ошондой эле Апал Базарованын ар кандай долбоорлор менен иштеп, ошолордон утуп, мектептип ички материалына көптөгөн оңдоп түзөөлөрдү алып келди десем жаңылышпайм. Эжени Тогуз-Торо эли абдан сыймыктануу менен күтүп жатабыз.»- дейт Н.Кайыпбекова.

№1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде 1426 окуучу билим алат, 103 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 20 мугалим эл агартуунун отличниги.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова