"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Үй-бүлөөлүк мурас кандай бөлүштүрүлүшү керек?

28 Январь 2020 жыл 19:27
Көрүүлөрдүн саны: 79

 

Алгач,“Үй бүлөдө  уул жана кыз балдар арасында мурас кандай бөлүштүрүлүшү керек?” Ушул суроого жооп издеп  жергиликтүү тургундарга кайрылдык.

1.Негизи, үй-бүлөдө мурас эркек балага берилет. Анткени, уул бала, ата жолун жолдоп, үйдө калат.Ошол себептен эркек балага мурас берилип келген.

2.Эгерде көзү тирүү болсо мурас берүүчү адам ошол киши өзү чечет.Көзү өтүп кеткен болсо анда калган балдарына тең бөлөт.

3.Мурас, мүлк эркек балдарга берилет.Эгерде баласы болбосо кызына берилиш керек.Кыз баласы болбосо анда туугандарына берилет.

4.Мурас калтырууда ата-эне өзүнө жакын кайрымдуу уулуна же ыймандуу кызга мурас калтырса болот.

Мыйзам чегинде мураскер болуу, мурас алуу, айырмасы жок, жынысына карабастан балдары мураска ээ болот.  Жогорудагы сурамжылоодогу  айрым тургундардын, ойлоруна төп келген атын атагысы келбеген каарманыбыз, өзүнүн тажрыйбасын төмөнкүчө бөлүшүп кетти:

“Экинчи балама жана кызыма  тең болүп, 2 үй алгамбыз. Анан азыр  күйөө балам апаң сатып берген үйгө мен жашабайм деп жашабай жатат.Анткени биздин менталитетибиз ошондойбу билбейм, жакшы түшүнбөйле намыстана беребиз.Жер болобу, үй болобу үй бүлө мүчөлөрүнө тең бөлүштүруш керек деп ойлойм.”

Илгертеден, каада – салт катары эркек балдар арасында  мураскер болуу практикасы жүрүп  келген. Бирок, замандын өзгөрүүсү менен кыздардын алга жылуусуна тоскоолдук жараткан бир топ далилдер ачыкка чыкты. Айталы, ишкер айымдар арасындагы иликтөөдө, алардын алдындагы финасылык тоскоолдуктардын бири катары – ата -энеден мурастын калбагандыгы белгилүү болгон.Экономика илиминин доценти Сейил Нажимудинова бүгүнкү күндө, уул бала сыяктуу кыз баланын  дагы мураска ээ болуу укуктары бар деп билдирет:

“Кыз киши болсун, эркек бала болсун, айырмасы жок, экөө тең мураскер болуу укуктары бар.Мыйзамда көрсөтүлгөн, белгиленген.Ал эми муну автоматтык түрдө, кыздарга мураска ээ боло албоону чектеп койсок, кыздар эркек балага караганда азыраак мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп калат.Кыздар тарапка акыйкатсыздык адилетсиздик пайда болуп калышы мүмкүн.”

Адистер, аялзатынын, кыз баланын алга жылуусуна  алгач үй-бүлөдө ата-эненин  уул менен кызга эки башка тарбиясы, андан соң мүлк бөлүштүрүүдөгү адилетсиздигин айтып келишет.

Кыз болобу,эркек болобу жашоого бирдей мүмкүнчүлүктөрү менен жаралган балдарыбызга тең укуктуу шарт түзүп берүү биздин колубузда.  Адилеттүүлүк алгач, үй-бүлөдөн башталганы дурус.

Даярдаган: Анара Мааметова