"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кылмыштуулукту жана зомбулукту алдын алуу максатында кышкы оюндар

4 Февраль 2020 жыл 20:03
Көрүүлөрдүн саны: 155

№7 Т.Сатыбалдиев орто мектебинде «Чилденин чилтендери» аталышындагы кышкы эстафета өткөрүлдү.

Бул туралуу мектеп парламентинин мүчөсү Айгерим Баетова билдирди: «Эстафетага 8-9-10-класстарынын окуучулары катышышкан.Оюндун жүрүшү 4тапшырмадан турган:

Аркан тартышуу, кызды чанага салып, тоскоолдуктардан сүйрөп өтүү, баштыкчаларды кийип алып тоскоолдуктардан сүйрөп өтүү, баштыкчаларды кийип алып тоскоолдуктарды аралап секирүү, команда менен биргеликте тоскоолдуктардан өтүү. Жеңүүчү командаларга грамота жана таттуулар тапшырылган.»

Т.Сатыбалдиев орто мектебинде буга чейин да кыщкы эстафеталар өткөрүлүп келген.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова