"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Окуучулардын билим сапатын арттырууга арналган жаңы программа Макмал орто мектебинде

11 Февраль 2020 жыл 10:25
Көрүүлөрдүн саны: 118

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо» жылынын алкагында №1  Макмал инновациялык  орто мектеби электрондук форматтагы «Edupage» программасы менен иш жүргүзүп баштады.

«Edupage» жаны программасы аркылуу мектеп окуучуларынын билим сапатын арттырууга, ата-энелердин, балдарынын билими тууралуу толук маалымат алуусуна жана ошол эле учурда мугалимдердин билим берүүдөн тышкаркы бейчеки  убакытты коротпоосуна жардам бере ала тургандыгын Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Апал Базарова билдирди.

Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинин директору Апал Базарова

Программаны иштетүү үчүн мектеп мугалимдери Нуриза Абалиева жана Жыргал Жээналиева Нарын облусундагы «Нарын кыргыз-түрк» лицейинде окуудан өтүп келишкен. Мугалимдерди окутууга аталган лицейдин завучу Бейшегүл Ниязалиева  көмөк көрсөткөн. Сайтты сатып алуу үчүн 100 доллар жана программаны окуп келүү үчүн кеткен чыгымдарды  мектептин фонду тарабынан каржыланган.

Мектеп мугалимдери программа боюнча окутуу учурунда

Аталган мектепте окуган үч баланын энеси Бурулсун Эрмекова төмөнкүдөй оюн айтты: «Бул мектеп санариптештирүүгө өткөн. Бул программанын артыкчылыктары мугалим менен  ата-эненин, ошол эле учурда ата-эне  менен баланын ортосунда мүмкүнчүлүк  түзүлөт экен. Балдарыбызга кайсы сабак кирип жатканын, канчада сабактан чыкканын, эмне тема өтүп жатканын билип турат экенбиз. Мугалимдин койгон баасы дароо бизге түшүп турат экен. муну менен балдардын да сабакка болгон жоопкерчилиги артат экен.»-дейт Б.Эрмекова.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова.