"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Райондо коронавирусту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

11 Февраль 2020 жыл 19:59
Көрүүлөрдүн саны: 79

Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борбору тарабынан  бала бакча, мектептерде жана «Макмал голд» компаниясында алдын алуу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилип, алдын алуу боюнча ыкчам иш чараларды уюштуруу боюнча санэпид кызматкерлери арасында семинарлар өтүлүүдө.

Тогуз-Торо районундагы Санэпид көзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог бөлүм башчысы Анара Атыканова

Бул туралуу райондогу санэпидкөзөмөлдө борборунан билдиришти: «Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Кожошовдун 31-январь 2020-жылдагы буйругу менен ыкчам штаб түзүлгөн. Медицина мекемелери көзөмөлгө алынып, жугуштуу оорулар бөлүмүндө 8бокс палаталар бар, анын ичинде оору чыгып калган учурга 3бокс палаталар даярдалган.

«Макмал голд» жана «Синь-Бань»компанияларында кытай жарандары иштегендиктен, санитардык көрсөтмө, ооруну аныктоо алгоритм жана сурамжылоо баракчалары берилди. Мындан сырткары 31-январь 2020-жылы Кытай Республикасынан Казарман айылына ОсОО «Синь-Бан» компаниясынын жумушчулары 8 кытай жараны келе жаткандыгы аныкталып, ыкчам штабда маселе каралып, компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп, кайрадан Бишкек шаарына кайтарылган, 1таксист менен жалпы 9 адам, бүгүнкү күндө борбордо медициналык байкоого алынган»-дейт врач-эпидемиолог бөлүм башчысы Анара Атыканова .

Даярдаган: Анара Мааметова