"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда спорттун “Хоккей” түрүнөн мектеп окуучулар арасында мелдеш өткөрүлдү

11 Февраль 2020 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны: 102

Аталган  мелдеш Отор Чопиев атындагы спорт мектебинде мектеп окуучулар арасында «Хоккей» түрүнөн өткөрүлүп, жалпысынан 13 команда катышты.

Сүрөттө: Турдалы Аскарбеков, Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Уланбек Иманбердиев, Спорт мектебинин директору Анарбек Атыканов, райондук жаштар иштери, дене тарбия бөлүмүнүн инструктору Шабдан Ясынов жана спорт мектебинин кызматкерлери

4-7-класс окуучулар арасында: 1-орун спорт мектептин штангистер командасы, 2-орун Макмал мектеби, 3-орун Иманберди уулу Иса мектеби,8-11-класстын окуучулар арасында: 1-орун Атай мектеби, 2-орун Макмал мектеби, 3-орун Казарман мектеби ээлешти. Жеңүүчүлөргө диплом, грамоталар тапшырылды.

Сүрөттө Отор Чопиев атындагы спорт мектеби

Даярдаган: Анара Мааметова