"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айылдык китепканасына жылытуу системасы орноштурулду

12 Февраль 2020 жыл 12:36
Көрүүлөрдүн саны: 54

Атай айылдык китепканасы  айыл өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлүп, жылытуу системасы орноштурулуп, окурмандарга шарт түзүлдү.

Сүрөттө Атай айылдык китепканасы

«Айыл китепкананын ичи жылуу, биз сабактан чыгып, китепканага дайыма келип турабыз.Кызыктуу китептерди алып турабыз»-деп билдирди  айылдын окурманы Даниел Каныбеков.  Мындан сырткары  райондун активист айымы  Алтынай Жеңишова да оюн төмөндөгүчө билдирди: «Мыкты айыл өкмөт башчысынын балдарга камкордугу.Билим уялаган жерде өнүп, өсүү болот.»

Айылдык китепканачы Наргиза Байгулованын айтымына караганда китепкана ичи жылуу, окурмандарга ыңгайлуу болуп калды.Биз бул жерден  окурмандар китеп окуп отурбастан, ар кандай массалык иштин түрун өткөрөбүз. Райондук сынакка катышып,»Мыкты китепканачы» конкурсунда №2 Атай китепканачысы 1-орунга татыдык.

Атай айылдык китепканачы Наргиза Байгулова

Мындан сырткары  2019-жылдын жыйынтыгы менен биздин айыл өкмөтүбүз Бакдөөлөт Бобукеев «Жылдын мыкты айыл өкмөт башчысы» деген номинация алганын айтып өттү.

Сүрөттө Тогуз-Торо районунун акими Айбек Кожошов жана Атай айыл өкмөт башчысы Бакдөөлөт Бобукеев

 

Даярдаган: Анара Мааметова