Иш чаранын жүрүшүндө 2019-жылдагы аткарылган иш чаралар, аялдардын шайлоого катышуусу, 2020-жылдагы иш планын бекитүү жана кеңештин курамын бекитишти
Жыйынга келген айыл аймактан аялдар кеңешинин мүчөлөрү, мекемелерде иштеген жетекчи айымдар, депутат айымдары жана Тогуз-Торо райондук администрациясынын биринчи орун басары Гүлжамал Султангазиева планга сунуштарын айтышып, ойлорун талкуулашты.
Жыйынтыгында Тогуз-Торо району боюнча аядар кеңешинин төрайымы Гүлжамалал Шайнаева оюн төмөнкүдөй билдирип өттү:
«Келген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, жайынкы арада Көк -Ирим айыл аймагы жана Атай айыл аймагында жергиликтүү кеңешке шайлоо болот.Ошол себептен 2 айыл аймактагы айымдарды депутат болууга, аракет кылып, ар кандай иш чараларды уюштуралы»-деп оюн айтты. Эскерте кетсек, Тогуз-Торо району боюнча 5 Аялдар Кеңеши бар.