"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кыз жана уул балдарды тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр

18 Февраль 2020 жыл 18:45
Көрүүлөрдүн саны: 91

Алгач, «Үй-бүлөдө уул жана кыз балага кандай тарбия берүү керек?» ушул суроо го жооп издеп, ата-энелерге кайрылдык.

Жапаралы Казыбаев

Кыздарды эшикке чыгарып, ар кандай коомдук жайларга барып, билбегенди билип, ал деле үйрөнүш керек да.Өзүнүн эркине коюш керек.Камап отура берсе болбой калбайбы.Балага деле ошондой.

Анара Атыканова

Мен деле балдарымды бөлбөйм.Сен кыздын оокатын кыл, сен эркектин оокатын кыл депчи.Кызым деле оокатын кыла берет.Балама деле үйдөгү кыздын оокатын жасатам.

 

Өзүнө ылайыктуу жакшы туруктуу, кесипти тандай бил, кийин өкүнбөгөндөй бол деп айтышат.Жакпаган жактары өзүңдүн жакшы көргөн досума кошулба деп айтышат. Менин ата-энем жакшы сөздөр менен тарбиялайт акылдуу ыймандуу бол, жакшы оку деп. Кыргыздын чыгаан инсандарынан болосуң деп тарбия беришет. үйрөткөн жактары жагат.

 

Билимимди жогорулат деп көп айтышат.Өзүмдүн ой максатыма калоомо ата-энемдер каршы болгон жагы бар, ошол жагы жакпайт.

Тартынбаганга үйрөтүшөт.Кыргыздын салттарын үйрөткөн жактары жагат. Жакпаган жагы кичине сабактарыма кызыккан нерселериме кайдыгер мамиле жасашат.

Үй-бүлөдө калыптанган  адаттар адамда өмүр бою сакталаарын айтышкан адистер балага адеп-ахлак эрежелерин кичинесинен ата-энеден таасирдүү эч ким үйрөтө албасын белгилешет.Жогорудагы сурамжылоодогу айрым тургундардын, ойлоруна төп келген атын атагысы келбеген каарманыбыз,өзүнүн тажрыйбасын төмөнкүчө бөлүшүп кетти.

«Ата-энем мындай багыт берди да окуубай эле кой.Эл окуубай эле оокат кылып атпайбы.Лицейге тапшыр деди.Лицейге тапшырдым.Барганда башкача болуп жүрдүм, окугум келип классташтарым универстетте окуп, мындай жерге бардык десе, каалап, окугум келип жүрдү.Ошолордун айткандарын кылып келатпайбызбы азыркыга чейин кой, көнүлдөрү ооруп калбасын.Ошентсе деле болбой тырышып, иштейин дейсиң.»

Жогорудагы каарманыбыз жогорку окуу жайда окуп, бир кесиптин адиси болууну самаган.Бирок, ал аткарылбай калган максаттарынан сабак алып, учурда келечек муундарга багыт берүүчү иш-чараларды өткөрүү үстүндө иш алып барууда.

Үй-бүлөдө-бала да ата-эненин колдоосуна муктаж.Адистер, күнүмдүк турмушта баарлашуунун жоктугу үй-бүлөдө бири-биринин кыялын, калоосун түшүнбөстүккө гана алып келбестен, алдыңкы жылдардагы турмушуна да чоң таасир берээрин билдиришет.Ал эми социолог Гульнара Ибраева жогорудагы каармандын абалына карата ата-энелерге омөндөгүчө кеңешин берет.

Социолог Гульнара Ибраева

«Эгерде бала туура эмес өзүнүн жөндөмүнө ылайык эмес кесипти тандап алса, бул алдыда наразычылыктын негизи болушу мүмкүнМажбурлабай бирок,ошол адистер менен тереңирээк таанышып, ошол жөнүндө маалымат алганга ата-эненин ролу абдан чоң.»

Адистер балдарга таалим-тарбия берүүдө үй-бүлөнүн ролу жылдан жылга пассивдүү болуп жатканын белгилешүүдо.Андыктан, балага тарбия берүү жашообуздун бир бөлүгү болгон соң, уул бала менен кыз балага бирдей маани берүү абзел.

Даярдаган: Анара Мааметова