"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ооган согушунун ардагерлерине арналган иш чара

18 Февраль 2020 жыл 13:23
Көрүүлөрдүн саны: 72

Т.Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин жыйындар залында 15-февраль Советтик Аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программа өткөрүлдү.

Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин жыйындар залы

Аталган иш чарада Ооган согушунун ардагерлерин куттуктап, Тогуз-Торо райондук администрациясынын биринчи орун басары Улан Иманбердиев, Гүлжамал Султангазиева , айыл өкмөт башчылары, райондук аскер комиссары-майор Турат Момуналиев сөз сүйлөп, сыйлыктарын тапшырышты.

Даярдаган: Жазгүл Машаева