А.Абдраимов атындагы орто мектебинде жаш балдарга болгон зомбулуктан коргоо жана зордук зомбулуксуз тарбиялоо боюнча тегерек стол өтүлдү
Аталган мектептин 6-б-класстын мугалими Жыпара Жээналиева, социалдык адиси Нурзат Аттокурова тарабынан иш чара уюштурулду. Тегерек столго райондук ички иштер бөлүмүнөн, балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Элдияр Шайкидинов,райондук имамы Тынчтык Болотбеков, ата-энелер, мугалимдер, окуучулар катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө зомбулуксуз тарбиялоо жөнүндө видео ролик көрсөтулүп, теманын тегерегинде окуучулар менен биргеликте эркин баарлашуу болду.
Даярдаган: Жазгүл Машаева