"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аталар декреттик өргүүгө чыкса болобу?

28 Февраль 2020 жыл 20:33
Көрүүлөрдүн саны: 90
      Dekrettik-orguu_Sary-Bulun

Алгач,айыл жергесинде жүргүзүлгөн сурамжылоого күбө болсок.
1.Эркектер эч качан декретке чыга албайт. Андайды уккан эмесмин,болушу да мүмкүн эмес, билбейм.
2.Аялдар чыгат декретке. Эркектердин чыкканын чыкканын уга элекмин. Билбейм, каяктан чыкканын мындай жок.
3. Эркектердин эмгек өргүүүнө мен кошулбайм.Мыйзамда жок.Кантип декретке чыгат.Менин оюмча болбойт.
4. Эркектер негизи чыкпайт.Аялы төрөп калып, каралашканга эле жардам бербесе.
Декретке эркектер дагы чыгат деген мыйзамды көпчүлүк биле бербесин айыл тургундарынын жоопторунан уга алдык. Тогуз-Торо райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Чолпонбек Тилек уулу райондогу статистикага токтолуп, мыйзам кабыл алынгандан тарта бир да мырза декреттик өргүүгө чыкпаганын билдирди:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №434 токтомунун негизинде эркектер чыкса болот. Бирок, Тогуз-Торо районунда декретке чыккандар жок.»

Мыйзамга ылайык декреттик өргүүнү жаңы төрөлгөн ымыркайдын апасы, атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы иш жүзүндө багып, жаткан камкорчусу дагы же толук же бөлүп, бөлүп, пайдаланышы мүмкүн.Кызматкерлерге бала багуу үчүн өргүү учурунда иш орду б.а кызмат орду сакталат деп билдирди Юрист Аймаран Табалдиев.

“Декреттик өргүү делинген түшүнүк туура эмес.Мурда ченемдер, декрет менен кабыл алынган экен. Ошол себептен декрет деген түшүнүк калыптанып калган.Мыйзамга ылайык декреттик өргүү алууда эркектердин жана аялдардын укуктары, жоопкерчиликтери бирдей. Кызматкердин арызы боюнча 3жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет.”

Юрист Аймаран Таабалдиев

Терс стереотиптерге карабай, эркектер дагы үй-бүлөгө болгон маңызын түшүнүш керек деген Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, бүгүнкү күндө үй-бүлө институтуна маани берүүнүн зарылчылыгына токтолду:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева

“Бизде Кыргызстанда мыйзам жол берет, чындап эле.Бул абдан жакшы, үй-бүлөнү бекемдегенге, балдарды тарбиялоого жардам берген мыйзам.Адамдын укугу деп ойлойм.Акыркы убакта угуп калдым, жакында эле дагы бир министрдин кеңешчиси, андан сырткары кызматта отургандар декрет өргүүсүн алып, баласын багууга декрет алышат экен.”
Балдардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн атанын да, эненин да ролун күчөтүп, аларды бирдей колдоонуну колго алышы керек. Үй-бүлө куруу, бала өстүрүү, үй- бүлө институтун бекемдөө үчүн билим берүү, социалдык мекемелер менен өкмөт да чечкиндүү саясат жүргүзүшү керек.

Даярдаган: Анара Мааметова