Сары-Булуң айыл өкмөтү, Кара-Суу аялдар кеңеши менен биргеликте 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата социалдык жактан муктаж, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар чакырылып, майрамдык маанай тартууланды.
Мындан сырткары айыл өкмөт тарабынан айылдын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон салымы үчүн «Ардак грамоталары» жана акчалай белектер тапшырылды.
Бул туралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.