"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородогу тиешелүү кызматкерлер мигранттардын балдарынан кабар алды

7 Март 2020 жыл 19:44
Көрүүлөрдүн саны: 90

2020-жыл »Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын» алкагында, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча, кызматкерлер айылдарды кыдырып, жеринен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул туралуу Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Марлис Олжотоев билдирди.
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, атайын штаб курамы бекитилип,

»Балдарга карата зордук зомбулуктун алдын алуу максатында райондук мамлекеттик администрациясынын, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, жалпы дарыгерлер борборунун, билим берүү бөлүмүнүн адистери ички иштер башкармалыгын коомдук көчмө кабылдамасы менен миграцияда жүргөн ата-эненин балдарын үймө-үй кыдырып, райондун аймагындагы бардык айылдарда жана айылдан сырткары жайгашкан кыштактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле жогорку класстын окуучулары менен чогулуштар өткөрүлүп, кимдир бирөө тарабынан зордук зомбулук болгон учурда райондо уюштурулган ишеним телефондоруна ачык же анонимдүү билдирүү керек экендиги кеңири түшүндүрүлдү.

Даярдаган: Анара Мааметова