5-март ак калпак күнү маданият үйүнүн алдында белгиленди.Бул күндүн урматына районубуздагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринин окуучулары ак калпагын башына кийип, борбордун көчөлөрүндө ураан чакырыктар менен жөө жүрүш өткөрүштү.
Майрамдык салтанатка райондук администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Султангазиева билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, ички иштер болумунун башчысы Талант Сабыркановдор ак калпак күнү менен куттукташты.
Мындан сырткары окуучулар тарабынан даярдалган концерт тартууланды.
Даярдаган: Жазгүл Машаева