"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Жаштар Кенешинин» төрагасынын демилгеси менен волейбол оюну уюштурулду

7 Март 2020 жыл 20:12
Көрүүлөрдүн саны: 69

2020- жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата жана 5-март «Ак калпак» күнүнө арнап, мектеп окуучуларынын волейболчулары мелдешке түштү.



«Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы «Жаштар Кенешинин» төрагасы Тынчтык Таалайбеков төмөнкүлөргө токтолду:
Анда 1-орунду Т.Мойдунов атындагы орто мектеби ээледи,
2- орунду Абдыжапаров атындагы орто мектеп ээлесе,
3- орунду Бирдик орто мектеби ээледи.
Ошондо эле окуучулар «Мыкты оюнчу» «Мыкты чабуулчу» жана «Мыкты коргоочу» деген наамдарга ат салышып,


«Мыкты оюнчу» наамын Макмал командасынан  Алмаз Самат  уулу жана Табылгыты командасынан Рысбеков Элдияр медаль, грамота менен сыйланды.
«Мыкты чабуулчу» наамы менен Чет-Булак командасынан Исаев Ильяс жана Макмал 2 командасынан Канчороев Бектур медаль, грамота менен сыйланды.


«Мыкты коргоочу» наамы менен Чет-Булак командасынан Залкарбек у Артур жана Бирдик 1 командасынан Даниель Алпамыш уулу грамота, медаль менен сыйланышты. Жеңишке жеткен окуучулар медаль жана мактоо баракчалары менен сыйланышты.

Даярдаган: Анара Мааметова