"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№ 45 кесиптик лицей бет капты тынбай тигүүдө

21 Март 2020 жыл 18:39
Көрүүлөрдүн саны: 80

Тогуз-Торо районундагы № 45 кесиптик лицейинде бет кап тигилип, райондун тургундарына өз баасында берилип, жатат сатыкка чыкты

Тогуз-Торо районундагы № 45 кесиптик лицейи

Бул туралуу райондук администрациясы расмий баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, 1 масканын орточо баасы 15-20 сомду түзөт. Ал арада чыттын 1 чарчысы 50 сом, ал эми марлинин 1 чарчысы 20 сомдон. Бет каптар аталган лицейде сатылууда.

Тогуз-Торо районунун аймагындагы коронавирус эпидемиясын алдын алуу максатында, жарандарыбызды бет кап менен камсыз кылуу үчүн № 45 кесиптик лицейинин тикмечи устаттары ак чыттан жана марлиден бет кап тигишүүдө. 1 чарчы чыттын баасы 50 сом, андан 6 бет кап тигилет.Ал эми марлинин 1 чарчысы 20 сом, андан 2 бет кап чыгат. Орточо баа менен чыттан жасалган бет каптын баасы 20 сом, мариден тигилген бет каптын баасы 15 сомду түзөт», — деп жазылат маалыматта.


Бет каптар №45 кесипчилик лицейинде сатылууда.

Даярдаган: Анара Мааметова