"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Санэпид көзөмөлдөө борбору тарабынан коронавирус оорусун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат

21 Март 2020 жыл 19:12
Көрүүлөрдүн саны: 100

Бүгүнкү күнгө район боюнча жалпы 37 мекеме ишкана, 21 соода түйүндөрү, 3 ашкана, 8 бала бакча, 5 мечит, 8 орто мектеп, 2 аптека, райондук базар, кесиптик лицей, 3 айыл өкмөт, 3 ФАП, 3 Банк, жалпы 95 обьект залалсыздандырылды.


Бул туралуу райондук администрациясы расмий баракчасына жарыялады.

Мындан сырткары 95 обьектиге кол жуучу жай орнотулуп, аларда эмгектенген жумушчу-кызматчылар бет каптар менен камсыз болушту. Жалпы 22 лекция,152 аңгемелешүү, 13 семинар өткөрүлүп, баракчалар таркатылды.


Райондо эпид кырдаал туруктуу.
Даярдаган: Анара Мааметова