"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо коронавирусту алдын алуу иштери күчүндө

21 Март 2020 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны: 90

Оорунун алдын алуу максатында чет мамлекеттерден келген жарандарды жана алар менен жакын контактта болгондор такталып, медициналык байкоого же башкача айтканда обсервацияга же үй шартында карантинге алынууда

Бул туралуу Санэпид көзөмөлдөө борборунун расмий баракчасына жарыялады
“Бүгүнкү күнгө чет мамлекеттен келген жарандар-6,
алар менен контактта болгондор-29 адам, жалпы медициналык байкоого-уй шартындагы карантинге алынгандар-35 адам.
Бугунку кундө анализ алуу учун тампондор жана лаборатордук вакутайнерлер менен камсыз болуп, анализдер алынып тезинен Бишкек шаарындагы вирусологиялык лабораторияга жеткирилди.


Оору чыккан учурга даярдык көрүү максатында райондогу №45 кесипчилик лицейдин имаратында 20 койкалык обсервация уюшулду. Медициналык мекемелерде штабдар түзүлүп күн сайын отурумдар болуп жатат”, деп жазылат маалыматта.

Санэпид көзөмөлдөө борбору төмөндөгү эрежелерди сактаңыз деп билдирет:
0орунун алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактап, колуңуздарды жууп,үйдү,иш бөлмөлөрдү желдетип,хлор эритмелери менен 2-3 маал жууп туруу,бири-бириңиздер менен контактты азайтуу же болбосо болтурбоону суранабыз. Эгерде чет мамлекеттерден келген болсоңуздар же жакындарыңыз барып келген болсо алар менен контакт болгондор жөнүндө маалыматты өзүңүздөр жашаган жердеги медициналык мекеменин кызматкерлерине ыктыярдуу түрдө телефон аркылуу билдириңиздер.Канчалык эрте контакттар аныкталып медициналык байкоого алынса оорунун алдын алууга өбөлгө түзөт. Себеби медицина кызматкерлер үймө-үй кыдырууларды жүргүзүп жатканда көмөгүңүздөр болот эле.


Эгерде сурооңуздар же маалыматыңыздар болсо Санэпид көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнө 5-03-17,
Асем Садырова 0704-67-00-91,
Анара Атыканова0779-31-05-25 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Даярдаган: Анара Мааметова