"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Нике күбөлүгүнүн артыкчылыгы эмнеде?

30 Март 2020 жыл 19:42
Көрүүлөрдүн саны: 41

Акыркы жылдары мамлекеттик катоодон өтүп, нике күбөлүгүн албагандардын саны артып бара жатат. Мындай учурда аялдын укуктары, балдардын тагдыры кепилдикке алынбаарын адистер билдирип, жарандарды нике күбөлүгүн алууга үндөп келишет. Катталган никенин артыкчылыктары эмнеде бул суроого жооп издеп, Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмековага кайрылдык.

Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова

Күбөлүктү өз убагында алыш керек. Кээ бири балалуу болгучакты албай жүрө берсе, баласын энесинин өзүнө каттатып коет же болбосо аталыгын аныктап, анан кийин жазып берет.Анда көп шарттар бар деп түшүндүрүү иштери жүргүзүп келебиз..Бүгүнкү күндө биздин айыл өкмөттө нике күбөлүгүн албаган жарандарыбыз жок.
Тогуз-Торо райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнөн алынган маалыматтарга ылайык, 2019-жылы 107 түгөй нике күбөлүгүн алса, 28 үй-бүлө ажырашуу катталган. Бирок, жарандык никеде жашап, эки айрым жолго түшкөндөрдүн саны канча экени белгисиз. Тогуз-Торо райондук жарандык абалдын каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Гүлзат Арзиева, бул учурда көбүнчө аялдар жана балдар жапа чегип, алимент жана мүлктөн куру калып жаткандыгын белгилеп өттү:

Тогуз-Торо райондук жарандык абалдын каттоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Гүлзат Арзиева

“Азыркы күндө артыкчылыгы эмнеде.Биринчиден балдарынын алдындагы жоопкерчилиги менен милдеттери болуп саналат.Турмушка аттанып жатканда никелешүүнү мыйзамдаштырбай б.а нике күбөлүгүн албай турмушка чыгышат.Баласы боюнда барда же бала төрөлгөндөн кийин эки ажырым жолго түшөт.Ортодо төрөлгөн баланын ата-энеси мыйзамдуу никеге турбагандыктан атасы, аталык милдетин аткарбайт.Баланын өсүсүүнө эч кандай жардам көрсөтпөйт”.

Нике күбөлүгүн алуу үчүн жаңы үйлөнүп жаткан жубайлар мыйзам боюнча Жарандык абалды каттоо бөлүмүнө бир ай мурда арыз менен кайрылуу керек. Бул учурда аларга ойлонууга бир ай мөөнөт берилет. Үй-бүлө кодексинин 2-беренесине ылайык, “нике-жубайлар ортосунда мүлктүк жана мүлктук эмес мамилелерди жараткан үй-бүлө куру максатында мыйзамда бекитилген тартипте эки тараптын ыктыярдуу макулдугу менен курулган эркек-аялдын ортосундагы тең укуктуу биримдик». Юрист Аймаран Таабалдиев, никени каттоо — турмуш кургандардын мыйзамдуу корголууда тургандыгын сезүүгө мумкүндүк берээрин баса белгилейт.

Юрист Аймаран Табалдиев

“Никеге турап жаткан эркек менен аялдын ыктыярдуу өз ара макулдугу жана алардын нике курагына жетилиши зарыл.Никеге туруунун негизги артыкчылыгы мыйзамдар тараптан корголуусу.Мыйзамдын ченемдерине ылайык, жубайлар никеге расмий түрдө катталган күндөн баштап, чогуу тапкан мүлкү ортодогу мүлкү болуп белгиленген”.
Үй-бүлө — бул укуктук жактан корголгон, тең укуктуулуклук, бактылуулук орногон мамлекеттин бир бөлүгү болууга тийиш! Бактылуу үй-бүлө гана бакубат мамлекетти түптөөрү бышык. Урматтуу угармандар, үй-бүлөдө ишеним, сый болуусу зарыл. Бирок, ишеним жана сыйды укуктук негизде орнотолу!
Даярдаган: Анара Мааметова