"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

№7 Т. Сатыбалдиев орто мектеби учур талабына ылайык онлайн сабактарды өтүү аракетинде.

1 Апрель 2020 жыл 18:12
Көрүүлөрдүн саны: 74

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы Таштемир Сатыбалдиев  атындагы орто мектеби тоолуу аймакта жайгашканына карабастан өзгөчө кырдаалга байланыштуу 3-чейректин акыркы өтүлбөй калган программалары азыркы учурда мугалим жана окуучулар менен бирдикте кайтарым байланыш сабактарын өткөрүшүүдө. Сабактарды өтүүдө мектеп мугалимдери Wats App аркылуу тапшырмаларды жөнөтүп жана “ZOOM” видеобайланыш программасы менен окуучулар менен түз байланышууда. Бул тууралуу мектеп директору Венера Эпеева төмөнкүлөрдү билдирди: “Мектеп өзү алыскы райондо жайгашканына карабастан чакан мектеп болгону менен, онлайн түрүндөгү окутуулар жургүзүлүп, сабактардын өтүлүүсүндө үзгүлтүк болгон жок. Мугалимдер өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүү менен ар кандай интернет программаларды колдонуп онлайн сабактар өткөрүлүп жатат. Аралыктан окулуучу сабакка окуучулардын катышуусу кыйла жакшырып калды, бирок ошентсе дагы кээ бир аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдө уюлдук телефондордун жана интернеттин жетишсиздигине байланыштуу анча мынча мүчүлүштүктөр жаралууда.”-дейт В.Эпеева

Жогоруда айтып өткөндөй мугалимдер өз чеберчиликтери менен ар кандай видеосабактарды да даярдашууда. 1-класстын класс жетекчиси Калиман Мааткеримова өтүлө турган темалар боюнча атайын видеосабактарды даярдоодо:

Онлайн окуу кызыктуу өтүп жаткандыгын 3-класстын окуучусу Акмарал Доктурбекова мындайча айтып берди: “Интернет менен окуган кызыктуу экен. Менин мугалимим үйдөгү эжемдин Wats App номерине ар кандай тапшырмаларды жөнөтүп атат, а мен ал тапшырмаларды аткарып кайра эжекеме жөнөтүп жатам.”- деп билдирди А.Доктурбекова.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова