"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айылдагы муктаж адамдарга жардам көрсөтүлүп жатат

10 Апрель 2020 жыл 11:02
Көрүүлөрдүн саны: 61

Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан  Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылына кары картаң жана ишсиз үйдө олтурган айылдаштарыбызга жалпы жаштардын атынан материалдык жардам берилди.

 

Эмгек жана Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан Сары-Булуң айыл аймагындагы аз камсыз болгон 139 үй-бүлөгө ун таркатылды.

Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын баардык көчөлөрүнө ишембилик өткөрүп, айыл тургундарын тазалыкка чакырды. Жаштардын демилгеси менен чогултулган каражатка, беткап тиктирип, айыл тургундарына таркатып берүү менен түшүндүрүү жүргүзүп келишкен.

Даярдаган: Анара Мааметова