"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

М.Жаңыбаева орто мектебинин мектепке даярдоо орус классы дистанттык түрдө сабак берүү уланып жатат

10 Апрель 2020 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны: 74

Кайтарым байланыш үчүн Zoom whatsapp сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат деп билдирди мектепке даярдоо орус классынын мугалими Назила Анжанбекова.

Мектепке даярдоо орус классынын мугалими Назила Анжанбекова

“Теледен көрсөтүлгөн видео сабактардан кийин окуучулар менен Zoom whatsapp тиркемелери аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, тапшырмаларды түзуп жатышат.Балдардын катышы жакшы, ата-энелер балдарды телефон камсыз кылып, сабак окууган шарт түзүп берип жатышат”-дейт мектепке даярдоо орус классынын мугалими Назила Анжанбекова.

мектепке даярдоо орус классынын окуучусу Айсезим Мейманбекова

Мектепке даярдоо орус классынын окуучусу Айсезим Мейманбекова: «Мага үйдөн окуган жакты. Апалар менен бирге окуп жатабыз. Телевизордон сабактарды көрүп, тапшырмаларды эжекеге кетирип, кайрадан эжейибиз текшерип, бизге баа коюп жатат. Ушул эле окуучунун апасы Камилбек кызы Элиза оюн төмөндөгүчө билидирип кетти:
“Мектепке барып, билим алганга эмне жетсин.Интернет деле жакшы бирок, балдар үйдөн окуп, отуруп, ойноп, көп  көңүл болбогондой  сезилип жатат”.

Урматтуу ата-энелер келиңиздер, мугалимдердин айтканын угуп, аракетин колдойлу.Балдарыбыздын билим алуусуна, тоскоол болбойлу!

Даярдаган: Анара Мааметова