"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Окуучулар арасындагы «Онлайн сынак»

25 Апрель 2020 жыл 20:54
Көрүүлөрдүн саны: 84

Учурдагы кырдаал учурунда окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында Тогуз-Торо районунун тургуну, студент Гениал Бекташовдун демилгеси менен №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин окуучуларына «Онлайн китеп окуйбуз» темасында сынак уюштурулду.


Бул тууралуу уюштуруучу Генийал Бекташов билдирди.  Сынак Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын алкагында өткөн. Бул сынакка аталган мектептин 5-класстан жогорку окуучулары катышышкан. Сынактын жүрүшүндө 15 суроо камтылып, ар бир суроого чектелген убакытта гана жооп берүү мүмкүнчүлүгү болгон. Онлайн сынак болгондуктан байгелери да бирлик аркылуу берилген. 1-орун 250, 2-орун 150, 3-орун 100сом өлчөмүндөгү бирдикке ээ болушкан.

Балдардын китепке болгон, кызыгуусун арттыруу максатында Сары-Булуң айылдык китепканачысы Анара Мааметовадемөөрчү болуп берди. Сынак биринчи жолу өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу мүчүлүштүктөр болбой койбогондугун Генийал Бекташов айтып өттү.
Сынакка катышып биринчи орунду ээлеген 9-класстын окуучусу Мырзагүл Салташова өзүнүн жеңиши менен мындайча бөлүштү: » Бул сынак эң жакшы сынак болду. Билим өмүр чырагы китеп билим булагы демекчи көп китеп окуу менен биз өзүбүздун дүйнөгө болгон көз карашыбызды өзгөртө алабыз. Бул сынактан 1-орунду алуу мага оңойго турган жок. Себеби кээбир сууролорго кыскача гана жооп берип калдым, убакыт да аз болгон үчүнбү айтор жетишпей калып жаттым. Мен үчүн кызыктуу сынак болду»,-дейт М.Салташова.

Андыктан сиз да учурдан пайдаланып убактынызды өзүңүздү өнүктүрүү менен өткөрүүнү унутпаныз.

Даярдаган:Нуриза Рыскулова