"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси жардамга муктаждарга өз колдоосун көрсөтүүдө

4 Май 2020 жыл 8:40
Көрүүлөрдүн саны: 45

Коронавирус илдетине байланыштуу  республиканын аймактарында өзгөчө абал киргизилгендиктен Тогуз-Торо районунун аймагында социалдык абалы начарлап, жардамга муктаж болгон үй-бүлөөлөргө карантин башталган күндөн тарта «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан азык түлүк жардамдамдары берилип жатат.

Айыл тургуну жардам алууда


103 үй-бүлөгө 620 сомдук азык түлүк баштыктары даярдалып, жалпысынан 63800 сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Санжыбаев билдирди.

Мындан сырткары райондо ачылган атайын эсепке  2950 сом өлчөмүндөгү акча каражаты которулуп берилди.
Ошондой эле блок посттордо турган жумушчуларга түшкү тамактануусу үчүн 4 миң сом, ал эм медицина қызметкерлеринин тамактануусуна  6000 сом жумшалган.

Социалдык жактан муктаж 200 үй-бүлөөгө 1000 жаана бет каптар таратылып, жалпы 10000сомду тузгон.
Жалпы район боюнча  86750 сомдук ар кандай колдоолор көрсөтүлүүдө.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова