"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Согуш ардагерлеринин жесирлерине камкордук кѳрсѳтүлдү

12 Май 2020 жыл 12:27
Көрүүлөрдүн саны: 53

 Улуу Жеңиштин 75жылдыгына карата Россия Федерациясы тарабынан согуштун катышуучуларынын жесирлери Сары-Булуң айыл аймагында жашаган Жибек Бексултанова, Аписа Асановага медалдар берилген.

Медалды Тогуз-Торо райондук  администрация башчысы — аким Айбек Кожошов тапшырды.

Учурдагы абалга байланыштуу райондук мекеме жетекчилери: райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, райондук коммисариатынын башчысы жана айыл ѳкмѳтү болуп, акчалай сыйлык жана  азык-түлүк түрүндѳ атайын жашаган жерине барышып, куттуктоолорду айтып, тапшыруу иштерин жүргүзүштү.

Бул туралуу Сары-Булуӊ айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Амангелди Токтоналиев билдирди.

Даярдаган: Анара Мааметова