"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Улуу Жеңиште эрдигин кѳрсѳткѳн ардагер

12 Май 2020 жыл 11:54
Көрүүлөрдүн саны: 65

Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылындагы  Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери  Эшимбек Абдылдаев  тууралуу жесири Аписа Асанова жана неберелери эскеришет.

Небереси Камчы Абдылдаевдин айтымында  согуш учурунда 20 жашта экен. “Казастандын Алматы шаарында 6ай даярдыктан өтүп, Россиянын шаарларында согушка катышкан.1943-жылы жарадар болуп, талаада 7күн жатып калган.Ошол учурда өлдү деп, айылына кара кагаз жиберишкен. 7күндөн кийин санитар машинасы талаадан таап, Горький госпиталында 7ай жатып, даарыланган. Согуштун 2-группадагы майып адамы болгон. 1943-жылы күзундө, айылына  кайтып келген”,-деди К.Абдылдаев

Согуштун ардагеринин жесири Аписа Асанова: «Согушка барганда ок тийип, далысына, талаада калып калып, кардын арасында колу, бутун үшүк алып кетиптир. Анан доктур бутун кесиптир. Абышкам ат менен келиптир. Жумгал жакты кыдырып,военкаматта иштегендер алып келиптир айылга учурунда тылда калгандардын эмгеги да баа жеткис болгон. Анткени, согушка кеткенден калган кары-картаң, жаш балдар, аялдар да жеңиш үчүн жан аябай эмгектенишкен. Жүн тытчыбыз, ийик ийрип, чырактын жарыгына түйчүбүз. Анан согуш болгон жерге алып кетирчи, байпактарды”,-деп билдирди А.Асанова.

Согуштан келгенден кийин Комсомол колхозунда бригадир болуп иштеген.  Нарын Универстетинин  2жылдык бухгалтерия окуу жайын бүтүргѳн. Сары-Булуӊ сельсоветинде бухгалтер болуп, кѳп жыл иштеген.

Согуштун ардагери Эшимбек Абдылдаев 1990-жылы  дүйнөдөн каткан.

Анара Мааметова