"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Энелерди даңктайлы

18 Май 2020 жыл 21:58
Көрүүлөрдүн саны: 72

Энелердин үй-бүлөдөгү, коомдогу орду тууралуу окурмандарга жайылтуу максатында, видео роликтер даярдалды.

Эне тукум жаратуусу, адам баласына мээрим төгүп, муунга тарбия берип, үйдү үй кылып, мамлекеттин пайдубалын түптөп, улуттун тилин, дилин, каада-салтын муундан-муунга өткөргөндүгү менен улук.

Баласы кубанса кудуңдайт, кыйналса кайгыга чөмүлөт, баласынан күткөн нерсесин көрө албаса, ага эч качан таарынбайт. Анткени, анын табияты, мээримдүүлүгүнүн адеби менен бүтүндөшкөн. Жер омкорулуп, кыямат болсо да, жер бетин топон суу каптап, кыямат болсо да ал өзүн унутуп коюп, перзентим деп баласын гана издеп турат. Тогуз- Торо районундагы Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Табылгыты айылынын тургуну 88 жаштагы Жүкүл Чокморова менен маек курдук:

  88 жаштагы Баатыр эне Жүкүл Чокморова

 

«Чабан болуп, кой кайтарып, кыйынчылык менен жүрбөдүкбү, ден соолук болбой, 12 бала тарбияладым. Эми баарысы жакшы эле азыр кудайга шүгүр, аман эле болуп турат. Колунан келген жардамын берип атат».

Кыргызстанда Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленет. Кыргыз өлкөсүндө энелердин статусун жана ролун жогорулатууга жана мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында бул күн белгиленген.

Эскерте кетсек, Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 62 Баатыр эне статусун алган энелер бар.

 

Анара Мааметова