"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуңда нөшөрлөп жааган жаан кыянга айланды

4 Июнь 2020 жыл 13:06
Көрүүлөрдүн саны: 93

Сары-Булуң айыл аймагына карштуу Кара-Суу айылында 3-июнда саат 18:50 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып жана 8 турак үйдүн огороддорун каптаган.

Кара-Суунун көпүрөсү

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук ӨКМ комиссиясы тартылган.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш эскертүү тараткан.

Ушул эле күнү Нарын районунда да катуу жамгырдан улам сел каптаган.

 

Жазгүл Машаева