"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз- Тородо акыркы коңгуроо онлайн өттү

4 Июнь 2020 жыл 2:10
Көрүүлөрдүн саны: 104

Тогуз-Тородогу №7 Таштемир Сатыбалдиев мектебинде акыркы коңгуроо онлайн өткөрүлдү. Иш- чарага мектеп директору, Сары-Булуң айыл аймак башчысы Амангелди Токтоналиев, Райондук билим берүү бөлүмүнөн Тамара Итигулова, Тогуз-Торо райондук администрациясынан Марлис Олжотоев бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектерин айтышты.

Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр, мугалимдерге терең ыраазычылыгын билдиришти.
Бул туралуу аталган мектептин директору Венера Эпээва билдирди.

 

Бардык аймактарда чейректик баалар жана сынактар онлайн өтүлдү.

Анара Мааметова