"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородогу мугалимдердин аралыктан окутуудагы эмгеги бааланды

4 Июнь 2020 жыл 17:15
Көрүүлөрдүн саны: 64

Республикалык «Санариптик педагогика» конкурсуна Тогуз-Торо районунан 18 педагог катышып, 8 мугалимдин видео сабактары республикалык булуттук сактагычка түшкөн.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы Болотбек Иманбердиев жана Т. Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин мугалимдери Асылкүл Турсуналиева

 

Райондук эксперттик кеңештин анализи менен N4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин директору Гүлзада Шайыкова, Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин директору Гүлүм Жээналиева, N2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин мугалими Гүлмира Залимтороеванын видео сабактары конкурстун облустук этабына сунушталды.

 

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнун башчысы Болотбек Иманбердиев жана N4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин директору Гүлзада Шайыкова

 

Ал эми N5 Барктабас атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Досматова «Кесипкөй мугалим», ушул эле мектептин мугалимдери Элена Турапбаева «Чыгармачыл мугалим», Мерри Айтбаева «Жаңычыл мугалим», Т. Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептебинин мугалимдери Асылкүл Турсуналиева «Дилгир мугалим», Татыгүл Арзыматова «Аракетчил мугалим» номинацияларына ээ болушту.

Мушалимдердин даярдаган сабактары менен бул видеодон тааныша аласыз:

Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн «Ардак грамоталары» жана кесиптик бирликтин райондук комитетинин акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Карантинге байланыштуу мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты да онлайн өтүлдү.

 

Жазгүл Машаева